Мурдагы маданият министри, режиссер Садык Шер-Ниязга элчи жана Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу өкүлү болуу сунушталган. Бул тууралуу “Репортёрго” өздүк булактар билдирди.
Маалым болгондой, кечээ, 31-мартта ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолуккан.
Жолугушууда аталган кызмат ага кызыктырарын билдирген.
Белгилей кетсек, ЮНЕСКОнун штаб-квартирасы Париж шаарында жайгашкан.
Өмүр баяны:
Садык Шер-Нияз 1969-жылы 10-мартта Талас облусунун Чоң-Капка айылында туулган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Кыргызстандын Кинематографисттер биримдигинин төрагасы, «Айтыш» коомдук фондунун, «Айтыш фильм» киностудиясынын жана «Калемгер» адабий клубунун негиздөөчүсү.
«Курманжан датка», «Биринчи кадр», «Чыңгыздын жылдызы өчпөсүн», «Аян», «Форс-мажор» тасмаларынын режиссеру.
Билими жогору.
- 1987-жылы Фрунзкнин машина куруу техникумун аяктаган;
- 2000-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин;
- 2009-жылы Сценаристтердин жана режиссерлордкн жогорку крусун бүтүргөн.
Эмгек жолу:
- 1996-1998 — «АЧЕКЕЙ» ЖИнин директору;
- 1994-1996 — «ШЕР» ӨКФ юрист-кеңешчиси;
- 1998-2004 — Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын депутатынын жардамчысы;
- 2004-2007 — Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын орун басары;
- 2010 — КРдин маданият жана маалымат министри;
- 2012-2013 — «Замандаш» партиясынын тең төрагасы;
- 2015 — «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.