Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүктү саткандарга эскертүү берди

Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүктү саткандарга эскертүү берди

Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасында билдирүү жасап, айдоочулук күбөлүктү тааныш-билиштерине алып берген, сатуу менен алектенген кызмат адамдарына эскертүү берди.

Ал айдоочулук күбөлүк берген «Унаа» ишканасынын иши жеке көзөмөлүңдө экенин белгиледи.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздер менен бир кичинекей, бирок маанилүү жаңылык менен бөлүшүүнү туура көрүп турам. «Унаа» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү, алардын иштөө ыкмасы оңолуп, жөнгө салынганча жеке көзөмөлүмдө. Баарынан мурда айдоочулук күбөлүк, кадимки эле «права» берүү жол-жобосуна өзгөчө көңүл буруу зарыл болуп турат.

«Унаа» мамлекеттик ишканасынан айдоочулук күбөлүктү сатып алуу мүмкүндүгү, айрым чиновниктердин, айрыкча, күч түзүмдөрүндө иштеген аткаминерлердин айдоочулук күбөлүктү тууган-туушкан, жээк-жаатына белек катары берип келгени эч кимге жашыруун эмес. ар кыл коррупциялык схемаларды түзүп, мамлекеттик кызматты жеке өз кызыкчылыгына пайдаланып, киреше табуунун булагы катары көргөндөр да жок эмес. Аларга аёо болбойт. Айдоочулук күбөлүккө ээ болуунун адилеттүү жолу катары компьютердик экзамендер киргизилген. Ушуга байланыштуу дагы бир мисал, бир тууганымдын кызы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакка сегизинчи жолу кирейин деп даярдык көрүүдө. Бул эң туура жана кубаттоого арзый турган чечим деп эсептейм», — деди Жапаров.

Президент аталган тармактагы чирип бараткан системаны жоюуга салым кошууга чакырды.

«Анткени компьютер аркылуу гана сынак тапшыруу керек деген талаптар болгонуна карабай, аны да айланып өтүү амалдарын көргөндөр болууда. Төмөндөгү сүрөттөр менен тасмада «Унаа» ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалында айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз берүүнүн айла-амалы кылып зымсыз «мышка», дүрбүгө чейин колдонулганын көрүүгө болот. Алар терезеден шыкаалап, сынактагы жоопторду тууралап турушкан.

Эми мунун кесепеттери айтпаса да түшүнүктүү. Бул өлкө боюнча дээрлик күн сайын катталаган жол кырсыктарына, бейкүнөө каза болууларга себеп болуп келет. Канча деген жарандарыбыз кан жолдо набыт болуп кетүүдө», — деп жазды ал.

Жапаров, мурдагыдай тааныш-билиш же акчанын күчүнө салып айдоочулук күбөлүктү алууга жол берилбей турганын эскертти.

«Андайга баруу аракеттерине мыйзам чегиндеги кескин жана катаал чаралар колдонулат. Кайсыл кызматкер прокуратуранын кайсыл кызматкерине чалганы, ким-кимге «крыша» болуп берем деп ишендиргенинен бери толук маалымат менде бар. Андыктан, акыркы жолу эскертем, мыйзамсыз иш-аракеттерге барууңарды токтоткула! Эртең анан туугандарыңар дагы «элдин баласы болчу» деп ыйламсырап чыкпасын! Унааны башкарууга жол кыймылы эрежелерин мыкты билген айдоочунун отурушу менен жол кырсыктарынын саны, анын натыйжасында адам курмандыктарынын да саны азаят», — дейт президент.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>