Садыр Жапаров Астанага барды

Садыр Жапаров Астанага барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) барды.

Мамлекет башчысынын борту Казакстандын баш калаасындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эл аралык аэропортто килем төшөлүп, баатырлар тизилди.

Эске салсак, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, расмий делегациянын курамында төмөнкүлөр бар:

— Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

— Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>