Президент Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Сапар 24-26-июнь күндөргө белгиленген. Анын алкагында, 25-июнда Жапаров Бельгиянын королу Филипп, ошондой эле Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушат.
«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат.
Сапардын жыйынтыгы боюнча эки жактуу биргелешкен документтерге кол коюу күтүлүүдө», — деди Азымбакиев.