Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. Көңүл айтуунун тексти президенттин расмий сайтына жайгаштырылды.
«Азыр жалпы өлкө Баткен облусундагы чек арадагы акыркы окуяларда жакындарын жоготкон кыргызстандыктар менен бирге аза күтүүдө. Жаракат алган жарандардын тез сакайып кетишин каалайм. Мамлекет бардык жабыр тарткандарга ар тараптуу колдоо көрсөтөт», — деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров.