Садыр Жапаров Дохадагы ракеталык чабуулдарды айыптады

Президент Садыр Жапаров 9-сентябрда Доха шаарында болгон ракеталык чабуулдарды айыптады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
«Бул аракеттер эл аралык укуктун жана БУУнун Уставынын принциптерин бузат, ошондой эле Катар Мамлекетинин аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө зыян келтирет», — деп жазды ал.
Эскерте кетсек, Израиль армиясы бүгү ХАМАСтын Дохадагы жогорку даражалуу өкүлдөрүнө сокку урду. Сокку АКШнын Газадагы ок атышууну токтотуу сунушун талкуулоо учурунда жасалган. Израилдик ЖМКлар кыймылдын төрт өкүлү каза болгонун жазышса, ХАМАС өзү бул тууралуу кабардар эместигин билдирген.
Катар бийлигинин маалыматына ылайык, чабуул ХАМАСтын саясий бюросунун бир нече мүчөсү жашаган турак жайларга жасалган. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бул окуяны эл аралык мыйзамдарды одоно бузуу, ошондой эле катарлыктардын жана чет элдик жарандардын коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурган аракет деп атады.