БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Тарыхта алгачкы ирет! Кыргызстандын U-23 курамасы Азия кубогуна чыкты
10.09.2025 | 09:09

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы (U-23) тарыхый ийгиликке жетишти. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн беттеште курамабыз Шри-Ланка командасын 6:0 эсебинде утуп, Азия кубогуна жолдомо алды.
Бул оюнга Президент Садыр Жапаров да күбө болду.
Буга чейин уландар Палестинаны 2:1 эсебинде жеңип, Өзбекстан менен 2:2 тең чыккан.
Натыйжада, 7 упай топтогон биздин курама “Е” тайпасынын жеңүүчүсү болуп, тарыхта алгачкы жолу Азия кубогуна түз жолдомо алды.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт