Садыр Жапаров Исламабадда Аэрокосмостук илим жана технологиялар улуттук паркы менен таанышты

Өлкө башчы Садыр Жапаров Пакистанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Исламабаддагы Аэрокосмостук илим жана технологиялар улуттук паркында (NASTP) аскердик көргөзмө менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаровго авиациялык техника, радиолокациялык жана коммуникациялык системалар, симуляторлор, программалык камсыздоо, жасалма интеллект, кибертехнологиялар жаатындагы иштеп чыгуулар жана космос индустриясынын продукциялары көрсөтүлгөн.
Президент ошондой эле Кытай менен Пакистан биргеликте иштеп чыккан JF-17 Thunder көп максаттуу кыйраткыч учактары менен кеңири таанышкан.
Мындан тышкары, президентке PAC MFI-17 Mushshak жеңил окуу-машыгуучу учагы, ошондой эле авиация адистерин окутууда маанилүү роль ойногон тик учактын окуу симулятору көрсөтүлгөн.
Президент Садыр Жапаров сунушталган иштеп чыгуулардын жогорку деңгээлин белгилеп, инновациялар жана жогорку технологиялар жаатында кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдирген.
Маалымат: NASTP авиация, космос, IT жана киберкоопсуздук тармактарында изилдөөлөрдү, долбоорлоону жана инновацияларды өнүктүрүү үчүн мамлекеттик структураларды, илимий мекемелерди жана өнөр жайды бириктирген заманбап платформа болуп саналат.