Садыр Жапаров Каракол шаарын өнүктүрүү пландары менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Каракол шаарын өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышып, шаардыктар үчүн түзүлө турган жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алды. Бул тууралуу Президенттик администрация маалымат таратты.
Мамлекет башчысына шаарды көрктөндүрүү, транспорттук инфраструктураны жаңылоо жана туристтик потенциалды кеңейтүү боюнча пландалган долбоорлор тууралуу шаар мэри Каныбек Адиев маалымат берди.
Экологиялык жана шаардык чөйрөнү жакшыртуу
Пландын алкагында Каракол дарыясынын боюнда 2 чакырымдык жээк паркы курулуп, анда жөө жүргүнчүлөр, велосипед тебүүчүлөр жана активдүү эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Ошондой эле Масалиев көчөсүндөгү аллеяны жашылдандыруу, заманбап жарыктандыруу орнотуу жана коммерциялык аймактарды уюштуруу каралган. Шаар экологиясын жакшыртуу максатында ирригациялык системаны модернизациялоо иштери жүргүзүлөт.
Транспорт жана маданият
Коомдук транспортту өнүктүрүү үчүн электробустарды сатып алуу жана тиешелүү кубаттоочу инфраструктураны орнотуу мерчемделген.
Маданий чөйрө да көңүл сыртында калбайт. Каракол шаарында тарыхый-маданий квартал түзүлүп, облустук статистика башкармалыгынын эски имараты реставрацияланып музейге айландырылат.
Спорт инфраструктурасы
Шаарда 5000 орундуу заманбап спорттук комплекс курулат. Комплексте спорттун түрдүү багыттарына арналган залдар, бассейн жана мейманкана болот.
Президенттин тапшырмасы
Президент Садыр Жапаров бул долбоорлор шаар тургундарынын жашоо сапатын жогорулатып, Караколду туристтер үчүн жагымдуу шаарга айлантышы керектигин белгиледи.
Соңунда мамлекет башчысы ар бир долбоор боюнча чыгашалардын так сметасын түзүүнү жана каражаттардын максаттуу, сарамжалдуу колдонулушун камсыз кылууну тапшырды.