ЖККУда нацизмдин кылмыштары тууралуу тарыхый чындыкты коргоого чакырыштыМэрия: «Мадинагы» өрттүн чыгымы боюнча алдын ала эсептер укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилдиКыргызстандын жана Орусиянын Жогорку соттору дипфейктерге каршы биргелешип күрөшөтМинистрлер Кабинети мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү сунуштоодоУлуттук тарых музейи 2–5-октябрь күндөрү убактылуу жабылатКМШ өлкөлөрүнүн башкы прокурорлору чет өлкөдөгү активдерди кайтаруу боюнча тармак түзүштү
Айыл чарба министрлиги малдын экспортун убактылуу чектөөнү сунуштады
09.08.2025 | 13:19

Айыл чарба министрлиги жарым жылга уй, кой жана эчкинин экспортун чектөөнү сунуштады.
Чектөөнүн негизги максаты эттин баасынын туруктуулугун сактоо жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.
Министрликтин маалыматына ылайык, бул чара реэкспортко, транзиттик ташууга, ЕАЭБ өлкөлөрүнө жеткирүүгө, ошондой эле мурда берилген квоталарга таасир этпейт. Учурдагы квоталар — уй боюнча 26 915 баш, кой/эчки боюнча 54 800 баш, жылкы боюнча 4 243 баш.
Мындан тышкары, чектөө спорттук мелдештер үчүн жылкыларга жана мамлекеттик деңгээлдеги белек катары берилүүчү малга колдонулбайт.
Рубрики: Жаңылыктар