Садыр Жапаров: Кийинки жылы Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Садыр Жапаров: Кийинки жылы Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда Казакстандын маданият күндөрү, ал эми 2022-жылы Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Садыр Жапаров коңшу өлкөнүн журналисттерине жооп берип жатып айткан.

“Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири жана көрсөткүчтөрү боюнча Россия менен Кытайдан кийинки, үчүнчү орунда турат. Биз мындан ары дагы зарыл шарттарды түзүп, өз ара сооданы өркүндөтөбүз деп макулдаштык.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биз тарыхый, маданий, тил жана каада-салт жагынан тамыры бир болгон эки боордош элдин ортосундагы маданий кызматташуу маселелерин талкууладык. Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда Казакстандын маданият күндөрү, ал эми 2022-жылы Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт”, — деп белгилеген президент.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>