Садыр Жапаров Кыргызстан тышкы карыздарын 2035-жылы төлөп бүтүрөрүн билдирди

26.12.2025 | 14:02

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстан тышкы карыздарын толук бойдон 2035-жылы төлөп бүтүрөрүн билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда, IV Элдик курултайдын экинчи күнүндө билдирди.

Президент өлкөнүн тышкы карыздары 30 жылдан бери алынып келгенин жана алар жыл сайын өсүп жатканын айтты.

Анын айтымында, 2022-жылы 392 млн доллар тышкы карыз төлөнгөн. 2023-жылы 595 млн доллар, 2024-жылы 688 млн доллар, ал эми быйыл, 2025-жылы, 857 млн доллар төлөнгөн.

Жапаров Кыргызстан алдыдагы жылдары канча өлчөмдө карыз төлөй турганын маалымдады.

“Эмдиги жылы 1 млрд 48 млн доллар төлөйт экенбиз. 2027-жылы 1 млрд 277 млн, 2028-жылы 1 млрд 326 млн, 2029-жылы дагы ошондой эле сумма төлөйбүз. Ал эми 2030-жылы кичине ылдыйлап баштайт экен, 1 млрд 201 млн доллар төлөйбүз.

Ошентип акырындап отуруп, 2035-жылы төлөп бүтөбүз”,- деп билдирди өлкө башчы.

Буга чейин Садыр Жапаров өлкө тышкы карызын толугу менен бир күндүн ичинде төлөп коюуга күчү жетерин, бирок бул пайдасыз экенин билдирген.

Маалымат үчүн: Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 8,6 млрд долларды түзөт, анын ичинен болжол менен 5,2 млрд доллары — тышкы карыздар.

Scroll to Top