Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Өлкө башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 15-март – Аталар күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда атанын үй-бүлөдөгү жана коомдогу ордуна токтолду. Ал атаны үй-бүлөнүн бүтүндүгү жана бекемдиги үчүн жоопкерчиликтүү тарап, ошондой эле мамлекеттин негизи болгон үй-бүлө институтунун тиреги катары белгиледи.
“Аталардын коомдун өнүгүшүндөгү ат көтөргүс орду менен бирге, жогоруда белгиленгендей, алардын мамлекеттин тиреги болгон үй-бүлөнү чыңдоодогу ролу өзгөчө. Эң ириде, ата – бул жоопкерчилик, үй-бүлөнүн бүтүндүгү жана бекемдиги. Ошондуктан Жараткан тарабынан атага өмүрлүк жары, балдары аманат кылынып, үй-бүлөсү үчүн кандай гана кыйынчылыктар болбосун даяр болууга майышпас мүнөз, эркектик акыл-парасат тартууланган.
Үй-бүлөдө ата – баланын биринчи таянары, биринчи коргоочусу, биринчи үлгүсү болсо, коомчулукта ата – бул жашоонун багыт берүүчүсү, улуттун ар-намысы. Мындан улам, өлкөбүздүн жаркын келечеги болгон балдарды тарбиялоодо атанын да орду өтө жогору экенин эгерим эсибизден чыгарбашыбыз керек.
Ардактуу кыргызстандыктар! Аталар бул күнү эле эмес, ар дайым ардакталсын, коомдо аталардын орду бөксөрбөсүн, ар бир кыргыз жараны өз атасы менен сыймыктансын”,- деди өлкө башчы.
Куттуктоонун соңунда Садыр Жапаров аталарга каалоо-тилектерин билдирип, коомдо аталардын ордун жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.