Садыр Жапаров Кызыл аянттагы юбилейлик Жеңиш парадына катышуу үчүн Москвага барды

Садыр Жапаров Кызыл аянттагы юбилейлик Жеңиш парадына катышуу үчүн Москвага барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Москва шаарына келди.

Мамлекет башчынын учагы «Внуково 2» эл аралык аэропортуна конду. 

Садыр Жапаровду Россиянын Тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.

Мамлекет башчысына мындан туура 80 жыл мурда 1945-жылдын 9-майында жарык көргөн «Кызыл Кыргызстан» жана «Правда» гезиттеринин тарыхый сандарынын көчүрмөлөрү тапшырылды. Алардын беттеринде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш тууралуу алгачкы расмий билдирүүлөр жарыяланган.

Эске сала кетсек, иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров чет мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчылары менен бирге Москва шаарындагы Кызыл аянтта өтүүчү юбилейлик Жеңиш парадына катышат. 

Алдыда боло турган салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Параддык бөлүгү да катышмакчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>