Садыр Жапаров милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Бүгүн, 1-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ички иштер органдарынын жеке курамын кыргыз милициясынын 101 жылдыгы менен куттуктады.

Салтанаттуу иш-чара Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өттү.Өзүнүн куттуктоо сөзүндө мамлекет башчысы милициядагы кызмат — бул жөн гана кесип эмес, жогорку жоопкерчиликти, каармандыкты жана элге берилгендикти талап кылган ыйык милдет экенин белгиледи.
«Сиздер мыйзамдуулуктун жана тартиптин күзөтүндө туруп, жарандардын коопсуздугун камсыздап келесиздер. Сиздердин тынымсыз эмгегиңиздердин аркасында эл өзүн коопсуз жана ишенимдүү сезет», — деди президент.
Ал кыргыз милициясынын тарыхы 1924-жылдын 1-ноябрынан башталарын жана кылымдан ашык убакыттан бери коомдук тартипти сактоо менен элге кызмат өтөп келе жатканын эске салды. Президент ардагерлерге ыраазычылык билдирип, кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлерин эскерди.
Садыр Жапаров соңку беш жылда ички иштер органдарынын ишин чыңдоо багытында олуттуу кадамдар жасалганын белгиледи. Анын айтымында, ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасынын 85 пайызы жаңыланып, «Санарип милиция» тутуму ишке киргизилди жана өлкө боюнча төрт миңден ашык видеокамера орнотулду. Бул чаралар кылмыштарды тезирээк ачууга жана мыйзам бузуучуларды жоопко тартууга өбөлгө түздү.
Президент милиция кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулаганын да белгиледи.
«Милиция кызматкерлеринин айлыгы эки эсеге, ал эми Баткен облусунда төрт эсеге көбөйтүлдү. Өкмөт милицияны ар тараптан колдоону улантат жана кызмат өтөө үчүн татыктуу шарттарды камсыздайт», — деди ал.
«Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында президент өлкө боюнча видеокамералардын санын 20 миңге жеткирүүнү тапшырды жана ИИМ үчүн кошумча штаттык бирдиктер бөлүнөрүн айтты. Майрамдык иш-чарада Садыр Жапаров өлкөнүн бардык аймактарында ички иштер органдары үчүн 35 жаңы имарат пайдаланууга берилгенин, ошондой эле заманбап технологиялар менен жабдылган 101 кызматтык автоунаа тапшырылганын билдирди. Мындан тышкары, Баткен облусунун Лейлек районунда милиция кызматкерлери үчүн 32 батирлүү үй курулуп пайдаланууга берилди.
«Бул — мамлекеттин милицияга болгон ишениминин жана камкордугунун белгиси. Биз бир да кызматкерди турак жайсыз калтырбайбыз жана алардын ишин тездетүү үчүн бардык шарттарды түзөбүз», — деди мамлекет башчысы.
Акырында президент милиция кызматкерлерине бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалап, алардын кызматы мындан ары да өлкөнүн тынчтыгы менен коопсуздугуна кызмат кылаарына ишенимин билдирди.