Садыр Жапаров Пакистанга мамлекеттик сапар менен барат

03.12.2025 | 10:46

3-4-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Пакистанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, президенти Асиф Али Зардари, Улуттук ассамблеянын (парламенттин төмөнкү палатасы) спикери Сардар Аяз Садик жана Сенаттын (парламенттин жогорку палатасы) төрагасы Юсуф Реза Гелани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык негизги тармактардагы эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-пакистан мамилелерин андан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашат.

Ошондой эле бул сапардын алкагында кыргыз-пакистан бизнес-форуму да өтөрү айтылды.

Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 10-майында түзүлгөн. Кыргызстандын президентинин аталган өлкөгө акыркы расмий сапары 2005-жылы болгон. Кыргызстан менен Пакистан БУУ, ШКУ, Ислам кызматташтык уюму жана Экономикалык кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык аянтчалардын алкагында кызматташып келет.

Scroll to Top