Садыр Жапаров — Петр 1. Акылбек Жапаров президенттин командасын алкады

Садыр Жапаров — Петр 1. Акылбек Жапаров президенттин командасын алкады

Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровду Петр 1ге теңеди.

Ал Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата -1 ГЭСинин курулушу сыяктуу ири долбоорлор иргелеп жатканын белгиледи.

«Убагында Пётр Биринчини Европага терезе ачты деп даңазалаган сыяктуу дүйнөлүк рынокко кеңири жол ачкандар урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин командасы – сиздер жана биз болдук деп айтсак болот. Бул жерде дагы бир  маселеге көңүл бөлсөк болот. “Камбар-Ата-1 ГЭСи жана “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу биздин мамлекеттин тышкы карызын көбөйтпөйт. Бул эки ири курулуш мамлекет менен жеке менчиктин өнөктөштүгү аркылуу болуп жатат”, — деди ал.

Анын айтымында, темир жол аркылуу жылына 7 млн тоннадан 13 млн тоннага чейин жүк ташылат.

«Мындан тышкары, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү, Европа өлкөлөрү менен соода мамилелерин түзүүдө болуп жатат. Европа Бирлигинин ИДПсы 25 трлн доллардан ашат, 18 трлн доллар көлөмдөгү ИДПга Кытай ээ болууда. Башкача айтканда Кытайдын рынок сыйымдуулугу биз үчүн океан сымал чексиз болуп жатат жана экономикабызды өнүктүрүүдө болгон чекти алып салууга шарт түзөт. Экспортту кескин көбөйтүп, соода балансын оң кылууга шарт түзүлөт. Ошону менен бирге биз максат кылган ИДПнын көлөмүн 2050-жылы 200 млрдга жеткирүү реалдуу ишке айланат. Башкача айтканда биз өнүгүүнүн башка траекториясына ушул эки курулуш аркылуу чыгабыз”, — деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>