Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Садыр Жапаров Шавкат Мирзиеевге сыйлык ыйгарды
13.10.2023 | 17:38
Садыр Жапаровдун демилгеси менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевге Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Ардак белгиси берилди.
Өзбек лидери уюмду өнүктүрүүгө, өлкөлөр ортосунда достукту бекемдөө, ынак кошуналык мамилени өркүндөтүү жана алаканы жакшыртууга кошкон салымы үчүн сыйланды.
Шавкат Мирзиеев Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, анын эрктүүлүгү менен кыргыз-өзбек мамилесинде 30-жылдан бери келе жаткан маселелер чечилгенин айтты.
Белгилей кетсек, бүгүн КМШга мүчө өлкөлөрдүн кеңеши жыйынтыкталып, уюмга төрагалык кылуу Россияга өттү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом