Садыр Жапаров ТМУнун мамлекет башчыларынын саммитине катышууда

Бүгүн, 7-октябрда, өлкө башчы Садыр Жапаров Азербайжандын Габала шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 12-саммитине катышууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаров саммитте сөз сүйлөп, бир жыл мурда Кыргызстан ТМУда төрагалык кылуунун ардактуу миссиясын өзүнө алганын эске салган.
“Бул биз үчүн маанилүү жана жоопкерчиликтүү мезгил болду. Бир жыл ичинде биримдигибизди чыңдоого, кызматташтыкты өнүктүрүүгө, жалпы максаттарды алга жылдырууга олуттуусалым кошууга умтулдук. Жалпысынан, биздин төрагалыкжылында 124төн ашык жогорку деңгээлдеги иш-чаралар ийгиликтүү өткөрүлдү”, – деди ал.
Мындан тышкары Садыр Жапаров Кыргызстандын төрагалык кылуу мезгилинде көрсөткөн колдоосу жана ишеними үчүн ТМУга мүчө мамлекеттерге ыраазычылык билдирген.
“Габала саммитинин жыйынтыгы менен Кыргызстан төрагалык кылууну расмий түрдө аяктап, төрагалыкты боордош Азербайжанга өткөрүп берип жатабыз.
Азербайжандын төрагалыгынын алдында уюм прогрессивдүү өнүгүүсүн улантып, эл аралык аренада аброюн бекемдеп, бардык түрк элдеринин бакубатчылыгы үчүн жаңы олуттуу демилгелерди ишке ашыраарына терең ишенем”, – деген өлкө башчысы.
Жыйынтыгында Садыр Жапаров ТМУ өлкөлөрүнүн миссиясын үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында өтө турган парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышууга чакырган.