Садыр Жапаров уулунун кайын журтуна барып, кудаларынын алдынан өттү — видео

Садыр Жапаров уулунун кайын журтуна барып, кудаларынын алдынан өттү  — видео

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Рустам уулунун кайын журтуна барып, кудаларынын алдынан өттү. Бул тууралуу видео социалдык тармакттарда тарап жатат.

Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов дагы жаштарды куттуктап, Фейсбугуна жазды.

Жапаров абакта жатканда уулу Рустам үйлөнгөн, бирок кудаларынын алдынан өтүшкөн эмес. Анын себебин саясатчынын жубайы Айгүл Жапарова жолдошунун камактан чыгышын күтүп жатышканын айткан.

Рустам Жапаровдун учурда бир жашка чыга элек кызы бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>