Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү пансионаттардын коопсуздугун камсыздоо тапшырмасын берди

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү пансионаттардын коопсуздугун камсыздоо тапшырмасын берди

Премьер-министр Садыр Жапаров ички иштер министринин милдетин аткаруучу Улан Ниязбековго Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуучу жайлардын коопсуздугун камсыздоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

«Социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуучу жайлардын жана пансионаттардын ээлерине белгисиз жарандар келип, акча каражаттарын опузалап коркутуу аркылуу алып жаткандыгы тууралуу маалымат пайда болгон. Макул болбогон учурда, пансионаттарды өрттөп, денеге залал келтирүү коркутуулары болгондугу айтылат. Мындай окуялар жеринде токтотулушу керек. Курорттук аймактагы башка жактардын мүлкүн рейдерлик менен басып алуу аракеттерине жана анда иштеген ишкерлерден опузалап акча талап кылууга жол берилбейт», — деп баса белгилеген ал.

Өкмөт башчы кыска мөөнөттө түзүлгөн кырдаалды иликтеп чыгып, мындан ары бул сыяктуу аракеттерге чек коюу тапшырмасын берген.

Буга чейин Ысык-Көл облусундагы “Ак-Марал”, “Караван төрт мезгил” эс алуу борборлорунун ээлерине элдик кошуундун акысы үчүн акча төлөө боюнча Координациялык кеңештерден каттар келип түшкөндүгү тууралуу маалыматтар тараган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>