Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алды

06.04.2026 | 21:17

Кыргызстандын президенти жабыркаган аскер кызматкеринин абалына байланыштуу кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Анын айтымында, саламаттык сактоо министрине жабыркаган жоокерге шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүү тапшырылды. Ошондой эле аны Бишкек шаарына, зарыл болсо чет өлкөгө которуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2004-жылы туулган Данияр Нурбеков Лейлек районунда аскердик кызмат өтөп жаткан. Ал жүрүпбара жаткан кызматтык УАЗ-Пикап унаасынан кулап, оор жаракат алган.

Окуя 4-апрелде саат 08:30 чамасында Ак-Суу — Раззаков автожолунда болгон. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын себеби тоолуу жолдогу катуу силкинүү болгон. Жоокер кулагандан кийин эсин жоготуп, комага түшкөн.

Ал Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ош шаарынан барган дарыгерлер тобу операция жасашкан.

Жабыркаган жоокердин абалы туруктуу оор деп бааланууда. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, дарыланууда. Кеңеш берүү үчүн нейрохирург тартылган.

Аны Бишкекке жеткирүү маселеси азырынча каралууда. Борборго которуу бейтаптын абалы турукташкандан кийин гана мүмкүн болот.

Scroll to Top