Садыр Жапаров «Борбордук Азия + Жапония» саммитине катышуу үчүн Токиого барды

18.12.2025 | 17:53

Бүгүн, 18-декабрда, Садыр Жапаров Жапониянын премьер-министри Санаэ Такаитинин чакыруусу менен Токиого барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бул сапардын алкагында өлкө башчы “Борбордук Азия + Жапония” диалогунун биринчи саммитине катышат.

Жапаровду Токио шаарындагы “Ханеда” эл аралык аэропортунан Жапониянын тышкы иштер боюнча вице-министри Эри Арфия жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Иш сапардын алкагында өлкө башчынын Жапониянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган. Саммиттин алкагында Борбор Азия өлкөлөрү менен Япониянын бизнес форуму да өтөт.

Буга чейин жапон өкмөтү 19-20-декабрда Токиодо Борбор Азиянын беш мамлекети катышкан саммит өткөрөрү белгилүү болгон. Анын алкагында Жапониянын премьер‑министри Санаэ Такаити өлкө лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды уюштурары айтылган.

Scroll to Top