Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Жапония 19-20-декабрда Борбор Азия өлкөлөрү менен саммит өткөрөт
09.12.2025 | 20:00
Жапония өкмөтү 19-20-декабрда Токиодо Борбор Азиянын беш мамлекети катышкан саммитти өткөрүүгө даярдап жатат. Иш-чаранын алкагында Жапониянын премьер‑министри Санаэ Такаитинин Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларын уюштуруу мүмкүнчүлүгү дагы каралууда. Ушундай эле иш-чара алгач Казакстанда өткөн жылдын август айында өтүшү керек болчу, бирок аны токтотууга туура келген.
Диалогду жандандыруу демилгеси Токионун аймактагы дипломатиялык аракеттерди күчөтүүгө умтулуусуна байланыштуу. Бийликтеги либералдык‑демократиялык партиянын вице-президенти Таро Асо белгилегендей, бул өзгөчө Борбор Азия өлкөлөрүнүн Орусия, Кытай жана АКШ менен жолугушууларынын күчөшүнүн фонунда актуалдуу.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат