Бүгүн, 28-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров башында турган жаңы өкмөт курамы Жогорку Кеӊеште ант берди.
Жаңы өкмөттүн курамындагы ант бергендер:
Садыр Жапаров – премьер-министр;
Биринчи вице-премьер-министри – Артем Новиков;
вице-премьер-министрлер –Равшан Сабиров, Максат Мамытканов жана Элвира Сурабалдиева;
Өкмөттүк аппараттын жетекчиси –Бактыбек Аманбаев;
Финансы министри – Кыялбек Мукашев;
Транспорт жана жол министри Бакыт Бердалиев;
Юстиция министри – Марат Жаманкулов;
Ички иштер министри – Улан Ниязбеков;
Айыл чарба жана мелиорация министри – Тилек Токтогазиев;
Өзгөчө кырдаалдар министри –Бообек Ажыкеев;
Саламаттык сактоо министри – Алымкадыр Бейшеналиев;
Билим берүү жана илим министри – Алмазбек Бейшеналиев;
Маалымат жана туризм министри – Нуржигит Кадырбеков;
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев;
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Эрлис Тердикбаев;
Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу комитетинин жетекчиси – Жыргалбек Сагынбаев;
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы – Алтынбек Исмаилов.
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанга иш сапарга кеткендигине байланыштуу ант берүүгө катышкан жок.