1-апрелге карата аба ырайыБишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков мандатын тапшырдыАйдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча акция – КР бюджетине 350 миллион сом түшпөй калдыМинистрлер Кабинети аскердик жыйындардан өтүү үчүн жаңы төлөмдөрдү бекитти: Коргоо министрлиги түшүндүрмө берди1-апрелден тарта Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылатБашка өлкөлөрдө жүк ташуу үчүн КР айдоочуларына эл аралык айдоочулук күбөлүк керек
Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлери менен жолугушууга Москвага келди
15.05.2022 | 23:36
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Москвага келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчынын учагы Внуково 2 эл аралык аэропортуна конду.
16-майда ЖККУга мүчө мамлекет башчыларынын юбилейлик жыйыны өтөт. Иш-чара Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат