Садыр Жапаровдун Мисирге болгон сапарында кызматташтык боюнча 8 документке кол коюлду

06.11.2025 | 11:57

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Мисирге болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-мисир кызматташуусун арттырууга багытталган 8 эки тараптуу документке кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Мисирдин өкмөттөрүнүн ортосунда дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу кабыл алынды.

Мындан тышкары экономика, билим берүү, энергетика, инвестиция жаатында документтерге кол коюлду:

  • Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы Экономикалык, илимий жана техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандан менен Мисирдин өкмөттөрүнүн ортосундагы Айыл чарба жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы Жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Мисирдин Электр энергия жана энергиянын кайра жаралуучу булактары министрлигинин ортосундагы Электр энергиясы жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Мисирдин Инвестициялар жана эркин экономикалык зоналар боюнча башкы башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги менен Мисирдин Вакф (кайрымдуулук) министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын Улуттук банкы менен Мисирдин Борбордук банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Scroll to Top