Бишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алдыМамлекетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилген. Кочкордо айыл аймактын мурдагы башчысы кармалды
Садыр Жапаровдун уулу туурасындагы кептерге жооп
07.09.2021 | 16:51
Президент Садыр Жапаровдун туугандарынын саясий процесстерге аралашуусу тууралуу позициясы өзгөрүүсүз бойдон калат. Бул туурасында Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирүү таратты.
Анын айтуусунда, мамлекет башчысы буга чейин, өзүнүн жакын туугандарынан эч кимисинин саясий процесстерге аралашуусуна, ошондой эле кайсыл бир жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлешине жол бербесин бир нече жолу белгилеген. Бул өзгөрүүсүз бойдон калат.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров парламенттик шайлоого даярданып жатканын айтып чыккан болчу.
Садыр Жапаровдун уулу депутаттыкка талапкерлер менен жолугушуу өткөрүүдө
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат