Саламаттык сактоо министрлиги Абдикаримов менен Үсөнбаевдин ооруп жатканын тастыктады

Саламаттык сактоо министрлиги Абдикаримов менен Үсөнбаевдин ооруп жатканын тастыктады

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаевдин ооруп калганы жөнүндө маалыматты Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Айнура Акматова тастыктады.

«Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланды. Алар өргүүдө, тиешелүү дарылоодон өтүшөт. Тесттен өтүштү, биз анын жыйынтыгы жөнүндө кийинчерээк кабарлайбыз”, — деди Акматова.

Бирок, Акматова чиновниктер коронавирус инфекциясын жуктурууга шектелип жатабы? деген суроого жооп берген жок.

Белгилей кетсек, reporter.kg’ге өздүк булактар Абдикаримов пневмонияга чалдыкканын, ал эми Үсөнбаевде коронавирус жуктуруп алган деген шек бар экенин билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>