Саламаттык сактоо тармагына деп чет жактан келген $56 млн ашык акча кайда жумшалган? –Тизме

Саламаттык сактоо тармагына деп чет жактан келген $56 млн ашык акча кайда жумшалган? –Тизме

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн республикалык штаб COVID-19 менен күрөшүү үчүн саламаттык сактоо тармагына көрсөтүлгөн донордук жардамдар туураалуу маалымат таратты.

Штабдын Телеграм каналына жарыяланган маалыматта жалпы 56 миллон 850 миң 485 доллардын тегерегинде жардам көрсөтүлгөндүгү айтылат. Төмөндө акча каражаттары кайдан келгендиги жана кайда жумшалгандыгы тууралуу толук маалымат:

1. Дүйнөлүк Банктын “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелчиликтерине туруктуулукту жогорулатуу” долбоору (ERIK долбоору) – 9 млн доллар

◊ Тендерлер жүргүзүлдү, 6 млн 126 миң 598 доллар суммасына келишимдерге кол коюлду. Дем алуу аппараттарын, медициналык шаймандарды жеткирүү июль-август айларына пландаштырылууда, 17 аталыш боюнча медициналык каражаттарды жана дары-дармектерди, көчмө ИВЛ жеткирүү аяктады, 13 тез жардам унаасы 15-июлда жеткирилет. 840 миң доллар суммасына меджабдык сатып алуу баалоо баскычында турат. 1 млн 232 миң 956 доллар суммасына кайталанып тендер өткөрүлөт.

♦ ЮНИСЕФ линиясы аркылуу 835 миң 485 доллар суммасына жеке коргонуу каражаттары (3-4-түрдөгү комбинезондор, FFP2-3 респератор беткаптар, дары-дармек каражаттары) сатылып алынууда.

2. COVID-19 боюнча ыкчам долбоор – 12,15 млн доллар суммасы төмөнкү кызматтардын ишин күчөтүүгө багытталган:

▫ коомдук саламаттыкты сактоо кызматтары (транспорт, жабдык, короочу материалдар) 400 миң доллар;

▫ санитардык-карантиндик зоналар (ремонт, жабдуу) 200 миң доллар;

▫ ооруканалардын дарамети (меджабдуулар, дары-дармек каражаттар, короочу материалдар, тез жардам унаалары) 6 млн доллар;

▫ алгачкы медико-санитардык жардамдын дарамети (меджабдыктар, транспорт) 1,7 млн доллар;
жеке коргонуу каражаттары 1 млн доллар;

▫ саламаттыкты сактоонун 8 уюмунун жугуштуу оорулар бөлүмүндө оңдоо иштерине 1 млн доллар;

▫ COVID-19га ПЧР жүргүзүү үчүн реагенттерди жана сарпталуучу материалдарды сатып алууга 244 миң доллар.

▫ ретроактивдүү каржылоого 2 млн доллар.

Сатып алуулар планы Дүйнөлүк Банк менен июнь айында макулдашылган, аны көзөмөлдөп туруу үчүн план Дүйнөлүк Банктын «STEP» программасына жүктөлгөн. Тездетилген процедура боюнча товарларды сатып алууга тендер жарыяланган.

3. Азия Өнүктүрүү Банкы боюнча – 20 млн доллар бөлүнүүдө.

▫ жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга 4 млн доллар;

▫ дары-дармек каражаттары, медбагыттагы каражаттар менен камсыздоо, атайын тандалган ооруканаларды керектүү меджабдык жана инфекциялык көзөмөлдөө системасы үчүн каражаттар менен камсыздоого – 10 млн доллар;

▫ тез жардам унааларын сатып алууга – 500 миң доллар;

▫ мобилизацияланган медициналык персоналдын кошумча эмгек акысын каржылоого – 1 млн доллар;

▫ 8 оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндөгү интенсивдүү терапия палаталарын кеңейтүү боюнча оңдоо иштерин жүргүзүүгө – 1 млн доллар.

4. Ислам Өнүктүрүү банкы боюнча учурда Кыргызстанда иштеп жаткан ИӨБнын долбоорлорунан үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен COVID-19га ыкчам жооп кайтарууга 15 млн доллар карыз берилүүдө.

▫ бардык региондор үчүн 10 ПЧР-лабораторияны сатып алуу жана алып келүүгө 5 млн доллар, бул лабораториялар вирусологиялык лабораториялар үчүн ылдам курулуучу имараттар жана жабдыктар менен камсыздалып, 12 айга чейин тест-системалар жана реактивдер менен, алыскы райондордон биоматериалды алуу жана жеткирүү үчүн 10 санитардык унаа менен камсыздалат;

▫ жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, дары-дармектер, медбагыттагы каражаттар, меджабдыктар менен камсыздоого – 5 млн 940 миң доллар;

▫ аймактык ооруканалар үчүн жабдылган тез жардам унааларын сатып алууга – 3,3 млн доллар;

Донорлордун талабы боюнча, Долбоорлор COVID-19 боюнча тез жардам көрсөтүүгө багытталган, аны жүзөгө ашыруу мөөнөтү 1 жылдан 1,5 жылга чейин, донорлордун талабы боюнча, бул каражаттар капиталдык курулушка жана капиталдык салымдарга багытталбайт. ИӨБ жабдуулары бар имараты тез тургузулуучу вирусологиялык лабораторияларды курууга макул болду, ИӨБ долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү 12 айды түзөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>