Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылында жайгашкан “Салкын-Төр” эс алуу борбору мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, “Салкын-Төр” эс алуу борборунун 2,5 ГА ашуун жер тилкелери мыйзамсыз жеке менчике берилгендиги аныкталган.
УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында эс алуу борбордун ээси А.К.А. өз ыктыяры менен 2,21 гектар жер тилкесин Ош шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз