Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Салык кызматкерлери курал алып жүрүшү мүмкүн — жаңы башкармалык түзүү сунушталды
09.10.2025 | 11:36

Кыргыз Республикасынын Салык кызматы өлкөдөгү салык кылмыштарына каршы күрөшүү максатында атайын башкармалык түзүүнү сунуштады.
Эгер сунуш колдоо тапса, жаңы түзүмдүн кызматкерлерине курал жана атайын каражаттарды алып жүрүүгө, колдонууга, ошондой эле зарыл учурларда «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамдын алкагында күч колдонууга уруксат берилет.
Маалыматка ылайык, бул башкармалык аткезчилик, мыйзамсыз товар жүгүртүү жана башка салык мыйзамдарын бузуу фактылары менен күрөшөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом