Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Салык кызматы 90 миң таңгакчадагы сагызды өрттөдү
31.01.2025 | 12:45
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 90 миң таңгакчадагы ORBIT контрафакттык сагызын жок кылышты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Контрафакттык продукция Бишкектеги базарлардын биринен тартылып алынган.
“Жок кылуу процесси ведомстволор аралык комиссиянын, ошондой эле “ORBIT” товардык белгисинин укук ээлеринин катышуусунда өттү. Соттун чечимине ылайык, контрафакттык продукция Бишкек шаарына жакын таштанды төгүүчү жайлардын биринде, атайын меште (инсинератор) өрттөө жолу менен жок кылынды”, – деп айтылат маалыматта.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом