Мамлекеттик салык кызматынын мониторинг жана маалыматтык системаларды камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси С.К.А. системалуу түрдө пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, С.К.А. кызматтык абалынан пайдаланып, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы товарларды эсепке алуу пункттары аркылуу тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн күн карама майын импорттоочулардан акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталган.
Ал тоскоолдугу жок импортттого көмөк көрсөткөнү үчүн бир ишкананын жооптуу адамдарынан 20 миң доллары жана 1 млн. сомго жакын акча алган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөөнүң натыйжасында аты аталган мурдагы бөлүм башчы кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.