12-майда Самарканд шаарында Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлиси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын V жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Жыйынга ЖК төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган депутаттар: Пархат Тулендыбаев, Мурадил Сыдыков, Советбек Рустамбек уулу жана Эрнис Айдаралиев катышты.
Анда кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүү жана парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу маселелери талкууланган.
Нурланбек Азыгалиев жыйында сөз сүйлөп, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү сый-урматка, ишенимге жана биргеликте өнүгүүгө негизделгенин билдирген.
Ошондой эле ал кыркы жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда маданият, билим берүү жана илим-изилдөө тармагындагы байланыштар да тездик менен өнүгүп жатканын айткан.
«Дагы бир маанилүү жетишкендик катары эки мамлекеттин жарандарына ID-карталарды колдонуп, Кыргызстан менен Өзбекстандын аймагына кирип-чыгууга уруксат берилгенин айтсак болот. Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасында кошумча жети өткөрмө пункту ишке киргени эки тараптуу каттамдын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт», — деген ал.
Муну менен катар Азыгалиев «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси тууралуу кеп кылган.