13-октябрь күнү кечинде Турусбеков жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде унаалардын жүрүшүн көзөмөлдөп турган патрулдук милицияны сүзүп кетти. Окуянын видеосу социалдык тармакка жарыяланды.
Анда милиция Турусбеков көчөсүн жапкан. Ага баш ийбеген айдоочу кызыл түс күйүп турганына карабай өтүүгө аракет кылган.
Патрулдык милиция башкы башкармалыгын билдирүүсүндө, Audi-80 унаасын 51 жаштагы Бишкек тургуну башкарып бараткан. Унаа айып пул төлөөчү жайга киргизилди. Жабыркаган кызматкер медициналык жардам алды.