Сандар сүйлөйт. Кыргызстандагы алгачкы метеостанция качан түзүлгөн?
Бүгүн — Кыргызстандын Гидрометеорологиялык кызматынын түзүлгөн күнү. Өкмөттүн 2016-жылдагы токтомуна ылайык, 16-июль бул тармактын расмий майрамы катары кабыл алынган.
Алгачкы станциялар:
Кыргызстанда алгачкы метеорологиялык станция 1856-жылы орус саякатчысы Н. Северцев тарабынан Ысык-Көлдүн Ак-Суу айылында ачылган. Бул жерде жаан-чачын, температура, атмосфералык кубулуштар боюнча байкоолор жүргүзүлө баштаган.
1881-жылы Ош шаарында үзгүлтүксүз аба ырайы боюнча байкоо иштери башталган.
Артиллериянын подполковниги Ярослав Корольков негиздеген Каракол станциясы 1933-жылга чейин иштеген.
Ошол эле жылы Гүлчө айылында аскердик метеостанция ачылып, байкоолор жүргүзүлгөн.
1885 – 1913-жылдары:
Нарын, Эркештам, Рыбачье (Ысык-Көл), Токмок, Пишпек (азыркы Бишкек), Жергетал, Тос дарыясы, Кочкор сыяктуу бир катар аймактарда да метеопосттор уюштурулган.
Байкоо шарттары
XIX кылымда жабдуулардын жетишсиздиги, техникасынын чабалдыгы метеомаалыматтардын сапатына терс таасирин тийгизгени менен, ошол доордогу гидрометеорологиялык маалыматтар Кыргызстандын жаратылышын жана климатын изилдөөгө баалуу негиз болуп калды.
1926-жылы — расмий башталыш
1926-жылы 18-июлда Кыргыз АССРде расмий метеорологиялык бюро түзүлгөн. Бул өлкө боюнча системалуу метеокызматтын пайдубалын түздү.
Маалымат үчүн: Бүгүн Кыргызгидромет өз тармагында аба ырайын алдын ала болжолдоп, климаттык өзгөрүүлөрдү талдоодо жана табигый кырсыктардын алдын алууда маанилүү иш алып барууда.