Сания Шакирова каза тапкан жол кырсыгына күнөөлүү айдоочу жети ирет мас абалында кармалган
2018-жылы Miss Universe Beauty сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакирова каза тапкан жол кырсыгына күнөөлүү болгон айдоочу Чынгыз Кондурбаев 2019-жылдан бери унааны мас абалында айдаганы үчүн жети жолу кармалган. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызмат башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Кайгуул кызматтын маалыматына ылайык, ал төмөнкү даталарда мас абалында кармалган:
- 2020-жылдын 21-июну
- 2021-жылдын 4-апрели
- 2021-жылдын 28-сентябры
- 2024-жылдын 16-апрели
- 2024-жылдын 14-июну
- 2025-жылдын 14-июлу
- 2025-жылдын 30-ноябры
Кайгуул кызмат башкармалыгы мас абалда унаа айдоо мыйзам тарабынан катуу тыюу салынганын, мындай айдоочулар айланасындагы адамдардын өмүрүнө олуттуу коркунуч туудурарын баса белгилешти.
Эске салсак, жакында эле аталган айдоочу мас абалында унаа айдап, укук коргоочуларга капшылык көргөзүп кармалган. Ал 2018-жылы «Дүйнөнүн сулуу айымы» наамына ээ болгон кыргызстандык Сания Шакировага каза болгон жол кырсыгына күнөөлүү болгон.