Санкт-Петербург соту Екатерина Биволду кыргыздар менен казактарды кемсинткени үчүн 60 сааттык жумушка тартты

Санкт-Петербург шаарынын Ленин райондук соту мушкер Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Биволду кыргыздар менен казактарды кемсинткени үчүн административдик жоопкерчиликке тартты. Сот 29-январда ага 60 сааттык милдеттүү жумушка тартуу жазасын берди.
Соттун маалыматына ылайык, 2025-жылдын 22-октябрында Екатерина Бивол социалдык тармактарда кыргыз жана казак улутундагы жарандарды кемсинткен видео жарыялаган. Бул факт боюнча Орусиянын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 20.3.1-беренеси (кастыкты жана жек көрүүнү козутуу) менен иш козголгон.
2025-жылдын октябрь айында Екатерина Биволдун социалдык тармактарга тараткан видеолору Кыргызстанда жана Казакстанда коомдук резонанс жараткан. Анда ал кыргыз жана казак элине карата кемсинткен сөздөрдү айткан.
Бул факты боюнча Бишкек шаардык ИИББнын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси («Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу») боюнча кылмыш ишин козгогон. Аталган беренеде 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
2025-жылдын 25-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Екатерина Биволго карата сырттан камакка алуу чечимин чыгарып, ага издөө жарыялаган. Казакстандын Ички иштер министрлиги да аталган жаранды жоопко тартуу үчүн экстрадициялоо маселесин көтөрөрүн билдирген.