Санкт-Петербургда кыргыз аял кармалып, балдары кароосуз калды

Санкт-Петербургда кыргыз аял кармалып, балдары кароосуз калды

Санкт-Петербургда кыргыз аял Красное айылындагы мигранттарды убактылуу кармоочу жайга камалып, балдары кароосуз калды. Бул тууралуу акыйкатчы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаеванын аталган шаарда Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен бирге кыргыз мигранттары менен жолугушуусунда айтылды.

Маалыматка караганда, кыргыз жараны административдик тартип бузган. Сот аны депортациялоо чечимин кабыл алып, кийин аны балдары менен өз алдынча өлкөдөн чыгып кетүүгө өзгөрткөн.

Татьяна Москалькова балалуу аялдарга мажбурлап депортациялоо колдонулбастыгын айтты.

«Башкача айтканда, аялга өз ыктыяры менен балдары менен өлкөдөн чыгууга мүмкүнчүлүк берилет. Ошондуктан, бул учурда биздин кийлигишүүбүз зарыл, анткени балдарды апасынан ажыратууга болбойт. Балдарды кароосуз калтырбоо керек. Биздин кызматкерлер үй-бүлөнүн, өзгөчө балдардын укуктарын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшөт», — деп белгиледи ал.

Москалькованын маалыматында, жыл ичинде Орусияда жүргөн  28 кыргыз жараны кайрылса, анын ону оң жагына чечилген. Кайрылуулардын көпчүлүгү депортация маселесине байланыштуу болгон.

«Сотто биз өлкөдөн чыгаруудан башка альтернативдүү чараларды колдонуу зарылдыгын далилдейбиз», — деди Москалькова.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>