Бүгүн, 6-июнда Кара-Жыгач-Сары-Челек унаа жолундагы Кара-Суу дарыясына курулган жаңы көпүрөнүн ачылыш аземи болду. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу катышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, узундугу 36 метрди түзгөн жаңы көпүрөнүн курулушу өткөн жылдын күзүндө башталган. Ага 31 млн сомдон ашуун каражат сарпталган.
ЖК төрагасы иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Сары-Челек биосфералык коругуна алып барган негизги жолдогу бул көпүрөнүн стратегиялык мааниси да чоң экенин белгилеген.
“Бул курулма жергиликтүү элге эле эмес, келген туристтердин коопсуз каттамы үчүн да керек болчу. Анткени авариялык абалдагы эски көпүрө кууш болуп, бир гана унаанын өтүүсүнө ылайыкталса, жаңы курулган көпүрө кош тилкелүү болуп, эки унаанын катар өтүүсүнө ыңгайлаштырылган”, — деген ал.