Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Сасык тумоо: өлкө боюнча 526 мектеп онлайн окууга өткөрүлүп, 403 бала бакча жабылды
16.12.2025 | 14:25

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны азайганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-14-декабрга карата оору учурлары 11,7%га азайып, 42 миң 561 адамды түзгөн. Ооругандардын жалпы санынын 72,2%ын 14 жашка чейинки балдар түзүүдө.
Мындан улам 15-декабрга карата республика боюнча инкубациялык мезгилге байланыштуу 526 мектеп онлайн окутууга өткөрүлгөн. Ошондой эле 403 бала бакча инкубациялык мезгилге жабылган.
Министрлик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун адистери КРВИ жана сасык тумоого чалдыгуу боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүүнү улантып жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом