КР Саламаттык сактоо министрлиги Медакадемиянын 20 бүтүрүүчүсүн чет өлкөлүк ординатурада окууга жөнөтөт16-февраль: Күн ачык болотБишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайы
“Селсаяк”. Бишкекте милиция профилактикалык иш-чара өткөрдү
17.05.2023 | 18:00
Бишкектин Ленин районунда “Селсаяк” аталышында алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, профилактикалык иш-чара 15-16-май күндөрү өткөрүлүп, жашаган жери жок, тилемчилик кылган адамдарды аныктоого багытталган.
Иш-чаранын жүрүшүндө район аймагында жашаган жери жок 27 киши аныкталган. Алар милиция бөлүмүнө жеткирилип, документтери жокторунун бармак издери алынып, каттоого тургузулган. Андан тышкары алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом