Президент Садыр Жапаров армияга күзгү чакыруу боюнча буйрукка кол койду.
18 жаштан 25 жашка чейин жарандар сентябрь айынан тарта аскерге чакырылат.
Аскерге чакыруу жыл сайын 2 жолу өтөт. Анда 2 миңге жакын уландар 1 жылга кызмат өтөөгө жөнөтүлөт.
Белгилей кетсек, КРда аскердик кызматтын мөөнөтү зарыл болгон учурда 14 айга узартылышы мүмкүн. Бул боюнча чечим өткөн жылы кабыл алынган.
Альтернативдик кызмат өтөгөндөр 18 миң — 25 миң сомдон төлөшөт.