Сентябрдан тарта “Тунгуч” онлайн мектеби өз ишин баштайт. Каттоо 1-августта башталат

30.07.2025 | 09:41

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта жаңы форматтагы “Тунгуч” онлайн мектеби өз ишин баштайт. 5-11-класстардын окуучулары онлайн окутууга кабыл алынат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда электрондук окуу китептери жаңы мамлекеттик стандарттарга ылайык жаңыртылууда. Тийиштүү электрондук материалдар 30-августка чейин даяр болот. Ошондой эле мугалимдер үчүн окутуу семинарлары өткөрүлүүдө.

Балдарын аталган онлайн мектепке берүүнү каалаган ата-энелер талап кылынган документтердин тизмеси жана кошумча маалыматтар менен www.tunguch.kg расмий сайты аркылуу тааныша алышат.

Документтерди кабыл алуу Бишкек шаары, Токтогул кѳчѳсү 68 дареги боюнча жүргүзүлѳт, ошондой эле онлайн режимде дагы кабыл алынат.

1-августтан тарта ата-энелер менен расмий келишимдер түзүү жана окуучуларды электрондук мектеп платформасына каттоо жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, “Тунгуч” онлайн мектеби салттуу мектепке бара албаган балдарга заманбап жана сапаттуу билим берүү чөйрөсүн түзүү үчүн уюштурулууда.

Scroll to Top