Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Сежон институту кыргызстандыктарга корей тилин бекер окутат
15.03.2024 | 21:00
Кыргыз тилдер жана маданият институтунун алдындагы Сежон Король институту менен Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Аталган институт 5 облуста жана Бишкек шаарында жарандарга корей тилин акысыз окутуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырат. Ага 30 жаштан 55 жашка чейинки жарандар 1-апрелден тарта кабыл алынат. Курстун аягында корей тили боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшыргандарга сертификат берилет.
Тренинг төмөнкү жерлерде өтөт:
- Бишкек шаары;
- Чүй облусу (Сокулук ш., Кыргыз тилдер жана маданият институту): 40ка чейин окуучу;
- Талас облусу (Талас шаары, Талас мамлекеттик университети): 20га чейин окуучу;
- Ысык-Көл облусу (Каракол шаары, Ысык-Көл мамлекеттик университети): 20га чейин окуучу;
- Ош облусу (Ош шаары, Ош мамлекеттик университети): 20га чейин окуучу;
- Баткен облусу (Баткен ш., Баткен мамлекеттик университети): 20га чейин окуучу.
Кененирээк маалыматты бул номур аркылуу билсе болот: +996 706 091 019
Рубрики: Жаңылыктар, Коом