Шаар тургундарынын 41% жеке унаа менен, 38% коомдук транспортту колдонот — изилдөө

Бишкек шаарында транспорттук жүрүм-турумду изилдөө аяктап, шаар тургундарынын каттамдарынын жана транспортту тандоосунун негизги көрсөткүчтөрү аныкталды.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, изилдөөгө ылайык, тургундардын 41% жеке унаа же такси менен жүрүшөт, ал эми 38% коомдук транспортту тандашат. Калган 21% жөө, велосипед же самокат менен кыймылдашат.
Шаардын борбору — эң көп баруучу багыт, ал жерде жумуш орундары жана башка маанилүү жайлар жайгашкан. Ленин району экинчи орунда турат. Ошондой эле Ленин жана Октябрь райондорунун тургундары башка райондорго көп катташат, бул райондордо жумуш орундары жана башка социалдык инфраструктура жетишсиз экенин көрсөтөт.
Алынган маалыматтар шаардык транспорттук системаны оптималдаштыруу жана коомдук транспорт кызматтарын жакшыртуу үчүн колдонулмакчы.