Шаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды

23.10.2025 | 17:19

Бишкек шаардык соту Кой-Таш окуясынын иши боюнча өкүм чыгарып, мурунку чечимге жарым-жартылай өзгөртүү киргизди.

Бүгүн, 23-октябрда, Лейла Байдаева төрагалык кылган, ошондой эле Адыл Эсенбаев жана Урмат Мамыткеримов мүчөлүк кылган соттук коллегия Ирина Карамушкинага карата өкүмдү өзгөртүп, аны жалпы тартиптеги абакта жаза өтөө менен 8 жылга эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алды. Ал эми калган бөлүгүндө Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калды. Бишкек шаардык сотунун өкүмү жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Сот төмөнкүдөй чечим чыгарды:

  • Алмазбек Атамбаев — 11 жыл 6 ай эркинен ажыратуу, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо;
  • Ирина Карамушкина — 8 жыл жалпы тартиптеги абакта жаза өтөө жана мүлкүн конфискациялоо;
  • Аскарбек Шадиев — 15 жыл 6 ай жалпы тартиптеги абакта эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо. Мындан сырткары ал бошотулгандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматтарда иштей албайт;
  • Фарид Ниязов — 7 жыл 8 ай абак жазасы;
  • Равшан Жээнбеков — 7 жыл 8 ай эркинен ажыратуу, сот залында камакка алынсын;
  • Канат Сагынбаев (Мамлекеттик күзөт кызматынын жана УКМКнын мурдагы кызматкери, Атамбаевдин жан сакчысы) — 7 жыл 6 ай эркинен ажыратуу, бирок ага 5 жылдык пробациялык көзөмөл колдонулду;
  • Абдылда Суранчиев (мурунку ички иштер министри) — мөөнөтүнүн өтүп кеткенине байланыштуу жазадан бошотулду;
  • Исабек Абдыгазиев (Нарын облусунун мурдагы губернаторунун орун басары) — мөөнөтүнүн өтүп кеткенине байланыштуу жазадан бошотулду;
  • Асел Кодуранова — 3 жылдык пробациялык көзөмөл;
  • Кундуз Жолдубаева — 5 жылдык пробациялык көзөмөл;
  • Мээрбек Мискенбаев — 5 жылдык пробациялык көзөмөл;
  • Фархад Баабиев — 5 жыл 6 ай эркинен ажыратуу, сот залында камакка алынсын;
  • Канат Осмоналиев — 7 жыл 8 ай жалпы тартиптеги абакта жаза өтөө, бирок 5 жылдык пробациялык көзөмөл колдонулду;
  • Рысбек Карыпбек уулу — 7 жыл 6 ай жалпы тартиптеги абакта жаза өтөө, бирок 5 жылдык пробациялык көзөмөл колдонулду;
  • Нооруз Капарбек уулу — 3 жылдык пробациялык көзөмөл;
  • Юрий Васильев — мөөнөтүнүн өтүп кеткенине байланыштуу жазадан бошотулду;
  • Кубанычбек Карагулов — мөөнөтүнүн өтүп кеткенине байланыштуу жазадан бошотулду;
  • Амангелди Какебаев — 3 жылдык пробациялык көзөмөл;
  • Марат Шаменов — 3 жылдык пробациялык көзөмөл;
  • Торохан Тынымсеитов — мөөнөтүнүн өтүп кеткенине байланыштуу жазадан бошотулду.

Эске салсак, 2019-жылдын 7-августунда УКМКнын «Альфа» атайын бөлүгү Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы резиденциясын күч менен алуу аракетин көргөн. Буга чейин мурдагы президент ИИМге бир нече ирет суракка чакырылган. Биринчи күнү Атамбаев жана анын тарапташтары укук коргоо кызматкерлерине каршылык көрсөткөндүктөн жана кагылышуулар болгондуктан, 45ке жакын адам жабыр тарткан. УКМКнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болгон. Атайын бөлүмдүн 6 жоокери Атамбаевдин тарапташтары тарабынан барымтага алынган.

2019-жылдын 8-августунда атайын кызматтардын жана милициянын жалпы күчү менен мурдагы президентти кармоо боюнча кайрадан операция жүргүзүлгөн. Узак сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев өз ыктыяры менен күч органдарына багынган.

2019-жылдын 9-августуна караган түнү мурдагы президенттин тарапташтары Ала-Тоо аянтына чогулуп, тынчтыкты бузуп, автоунааларды талкалап, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Кой-Таштагы окуялар жана Бишкектин борборундагы нааразычылык акциясынын кесепетинен 140тай адам жабыркаган. Бул иштердин баарында негизги фигурант катары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев көрсөтүлүүдө.

2025-жылдын 3-июнунда Биринчи Май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана Кой-Таш окуясына тиешелүү башка адамдардын иши боюнча чечим чыгарган. Атамбаевди 11 жыл 6 ай эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу өкүмү чыккан.

Мындан тышкары, Атамбаев мурдагы энергетика министри Аскарбек Шадиев менен бирге мамлекетке 5 млрд 439 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирилген. Шадиевге 15 жыл 6 ай эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо жана бошотулгандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салуу жазасы дайындалган.

Scroll to Top