Шаардык сот Равшан Жээнбековду камакта калтырды

Шаардык сот Равшан Жээнбековду камакта калтырды

Бишкек шаардык соту экс-депутат Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Анын адвокаты Замир Жоошев Биринчи май райондук сотунун Жээнбековду 9-февралга чейин камакта калтырган чечимине каршы шаардык сотко даттанган.

Белгилей кетсек, Равшан Жээнбеков 12-декабрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан кармалган. Аталган органдын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Жээнбековго Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда буга дагы бир берене 309-берене (“Бийликти күч менен басып алуу”) кошулганы кабарланган.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакырылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>