Акылбек Сариев Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү документтерди толугу менен тапшырып расмий каттоодон өттү. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Сариев №33 Нарын шайлоо округуна талапкерлигин көрсөтүүдө. Эң биринчилерден болуп БШКга шайлоого катышуу ниетин билдирген.
Ал буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясын жетектеген.